Galaxy Z Fold6 - сиздин чөнтөгүңүздөгү ПК кубаттуулугу. Мурдагыдан күчтүү, өтө жалпак, супер өндүрүмдүү экран менен. Эми бүктөмө смартфондордо Galaxy AI жасалма интеллекти менен..

*Функциянын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн

ӨТӨ ЖЕҢИЛ

239 г г
ӨТӨ ИЧКЕ 5,6 мм мм
МЫКТЫЛЫКТЫК СЫРЫН АЧЫҢЫЗ

Показан Galaxy Z Fold6 крупным планом с небольшим наклоном с демонстрацией сторон.

САМЫЙ ЛЕГКИЙ

239 г g
Сложенный Galaxy Z Fold6 показан горизонтально.
САМЫЙ ТОНКИЙ 5,6 мм mm
Слегка раскрытый Galaxy Z Fold6 показан сбоку в V-образной форме.
РАСКРОЙТЕ СОВЕРШЕНСТВО
Показан раскрытый Galaxy Z Fold6 с основным экраном, развернутым вперед и вверх.

Ичке жана жеңил, чөнтөккө оңой батат, суктандырган өтө даана ачылуучу экраны менен.

Стилдүү. Ишенимдүү. Кооз

Түстөр — сиз сыяктуу чечкиндүү. Өзүңүзгө ишенимдүүлүктү көрсөтүңүз жана башкалардан айырмаланыңыз.

Обзор 360° в 3D Эксклюзивное онлайн-предложение

Бурчту жөндөө

Два устройства Galaxy Z Fold6: одно раскрыто, но видна только боковая сторона, а второе раскрыто так, что видны обе внешние панели, чтобы показать серый цвет.

Настройка угла

Бүктөмө Galaxy түзүлүштөрүндөгү Galaxy AI жасалма интеллекти

бүктөмө Galaxy түзүлүштөрүндөгү бүктөмө Galaxy түзүлүштөрүндөгү

Эскертүүлөр үчүн ассистент

Бүктөмө Galaxy түзүлүштөрүндө эскертүүлөрдө жыйынтык маалыматты түзүүнүн эң жөнөкөй жолу

Лекциялар эскертүүсү бир нече басуу менен, көп тапшырмалуулук шарттарында дагы. Эскертүүлөр үчүн ассистент жаздырууну текстке айлантат жана ыңгайлуу жыйынтык маалыматтарды түзүү менен, аларды эскертүүлөргө уюштурат. Калган учурда S Pen калемин пайдаланыңыз, ал чоң экранда кереметти жасай алат.

*Функциянын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн

Касание кнопки голосовой записи в приложении Samsung Notes. После нажатия кнопки «Составить сводку» создается резюме расшифровки.

Фото-ассистент

Эч кыйынчылыксыз редакциялоо. Galaxy AI менен

Object Aware алгоритминин жардамы менен фотосүрөттөрдү каалагандай редакциялаңыз. Фото-ассистент функциясын пайдаланыңыз: объектти жылдыруу, өчүрүү же чоңойтуу үчүн аны манжа менен кармаңыз; фотосүрөттүн жантаюу бурчун өзгөртүү же фондун жетпеген участогун толтуруу оңой.

Один из персонажей выбран и перемещен в другое место на изображении. Пустые области заполняются с помощью AI.

Котормочу

Кош экран режиминин аркасында эң ыңгайлуу котормочу,

Саякаттап жүргөнүңүздө жергиликтүү жашоочулар менен баарлашуу керекпи? Котормочу функциясы өз оюңузду айтууда дагы, чет тилинде эл аралык конференцияны угууда дагы, экскурсовод менен баарлашууда дагы тез которууну камсыз кылат.

Беседа на двух языках преобразуется в текст и переводится в реальном времени.

*Функциянын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн

Синхрондук котормо

Тил тоскоолдуктары жок телефон чалуулар

Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү заматта которуңуз. Функция ар кандай колдонмолордо, чалуу убагында эки тил колдонулганда дагы аудио которуу үчүн ылайыктуу.

*Функциянын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн
Телефонный звонок переводится в режиме реального времени. Далее диалог отображается на экране на двух разных языках.

ТОЛУК ЧӨМҮЛҮҢҮЗ

Логотип игры Dark and Darker Mobile. Сцена из игры сперва показана крупным планом, а затем издали, затем появляется экран раскрытого Galaxy Z Fold6 с запущенной на нем игрой.

Логотип игры Dark and Darker Mobile. Показана сцена из игры.

*DARK AND DARKER MOBILE — KRAFTON, INC КОМПАНИЯСЫНЫН ТОВАРДЫК БЕЛГИСИ ЖЕ ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИСИ.

Толук чөмүлүү эффекти менен мобилдик гейминг

Fold моделдери— бул күндүзгү жарыкта дагы Vision Booster функциясынын аркасында дааналыкты жана ачыктыкты сактаган, чоң экраны бар оюн смартфонунун идеалы.,

  • 2600 нит

  • 1,5 эсе ачык

Galaxy бүктөмө смартфондорундагы эң тез процессорунун аркасында күчтүү гейминг

ААА-оюндарда дагы Vulkan менен ырааттуу геймплейден ырахат алыңыз. Мындан тышкары Galaxy үчүн Snapdragon® 8 Gen 3 процессору идеалдуу графика рендерингин камсыз кылат.

Galaxy Z Fold смартфонундагы эң тез Snapdragon ,
  • GPU

    19 % кыйла тез графика рендеринги

  • NPU

    42 % түзүлүштөгү эң жогорку AI өндүрүмдүүлүк

  • CPU

    18 % кыйла жогорку өндүрүмдүүлүк

Самый быстрый Snapdragon в Galaxy Z Fold ,

Көбүрөөк ойноңуз.. Узагыраак ойноңуз.

Аккумулятор күн бою ойногонго жетет. Кеп аккумулятордун сыйымдуулугунда гана эмес, экрандын энергиялык майнаптуулугунда. Токтобоңуз.

  • Чейин музыка угуу

    77 саатка

  • Чейин видео көрүү

    23 саатка

PRO катары тартыңыз. ProVisual алгоритми

Fold моделдериндеги эң күчтүү камералар системасын тосуп алыңыздар. Жаңыртылган NPU, алдыңкы мүнөздөмөлөрдүн жана ProVisual алгоритминин айкалышы сиздин мультимедиа жөнүндө түшүнүгүңүздү өзгөртөт.

фронтальная камера

  • 10 МП Тышкы экрандагы камера

  • 4 МП Экран алдындагы камера

Основная камера

  • 12 МП Өтө кенен бурчтуу камера

  • 50 МП Кенен бурчтуу камера Эки эсе оптикалык сапаттагы зум

  • 10 МП Үч эсе оптикалык зум Деталдарга көбүрөөк көңүл буруу

Деталдарга көбүрөөк көңүл буруу

Жогорку сапаттагы 50 мегапиксель камера өтө дааналык жана ачыктык менен ар бир деталды реалдуу берүүнү камсыз кылат.

На 50-мегапиксельной фотографии человека на фоне здания отражено все богатство деталей и цветов. При обрезке фотографии детали остаются четкими.
Galaxy Z Fold6 смартфонунда тартылган #withGalaxy

Кристалдай даана зум. AI базасында

ProVisual алгоритминин аркасында чуунун төмөнкү деңгээлин жана мыкты сапатты сактоо менен, сүрөттү кыйла жакындатыңыз. Жакындатылган чөйрөнүн дааналыгын талдоо сүрөттүн ачыктыгын кыйла жогорулатат.

Фотография приближается, увеличение изменяется с 1,0x до 1,9x. Даже при приближении сохраняется четкость деталей.

Galaxy Z Fold6 смартфонунда тартылган #withGalaxy

Зум картасы

Жакындатылган сүрөттөрдө багыт алуу үчүн Зум картаны колдонуңуз; мындай жол менен керектүү жерлерди табуу ыңгайлуу.

На экране Galaxy Z Fold6 показана работа функции Карта Зума, которая действует как навигатор, помогая найти фотографируемый субъект.
Galaxy Z Fold6 смартфонунда тартылган #withGalaxy

Super HDR аркасында ачыктыкты жогорулатыңыз

Көрүңуз жана текшериңиз. Super HDR керектүү деталдарды белгилейт, анын аркасында алар жакшы көрүнөт жана сиз сүрөт тартканга чейин эле жакшы таасир калтырат.

Женщина стоит в окружении растений. Super HDR изменяет освещенность фото правильным образом.
Galaxy Z Fold6 смартфонунда тартылган #withGalaxy

Өзгөрүү кичине нерседен башталат

Биздин максатыбыз — туруктуу келечек.

Көп берилүүчү суроолор

Samsung компаниясынын Кыргызстандагы расмий өнөктөштөрү.

Кыргызстанда Samsung продукциясын расмий өнөктөштөрдөн сатып алыңыз

  1. Ырааттуулуктар кыскартылган жана моделгенген. Жыйынтыктар мисал үчүн гана берилген. Сервистин жеткиликтүүлүгү өлкөдөн, тилден жана түзүлүштүн моделинен көз каранды болот. Интернетке кошулуу талап кылынат. Колдонуучулардан Android жана Google колдонмосун акыркы версияга чейин жаңыртуу талап кылынышы мүмкүн. Сыйышкан колдонмолор жана беттер менен иштейт. Жыйынтыктар визуалдык шайкештикке жараша айырмаланышы мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  2. Эскертүүлөр үчүн ассистент функциясынын алкагында Жыйынтык маалымат функциясын пайдалануу үчүн тармакка кошулуу жана Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. Сервистин жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болот. Эскертүүлөр үчүн ассистент функциясынын алкагындагы Жыйынтык маалымат функциясы максималдуу сандан ашпаган символдордун белгилүү бир саны менен активдештирилет. Эскертүүлөр үчүн ассистент функциясынын алкагында үндү жаздыруу функциясы айрым өлкөлөрдө колдоого алынбайт. Узактыгы 3 сааттан ашпаган аудиофайлдарды иштеп чыгууга болот. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  3. Мурдагы моделдерге салыштырмалуу Galaxy Z Fold.
  4. Калыңдыгы ажыратылган абалда айнектин жогорку четинен төмөнкү четине чейин ченелген.
  5. Түстүн жеткиликтүүлүгү аймактан көз каранды болот.
  6. Galaxy Z Fold6 смартфонунда S Pen электрондук калеми үчүн киргизилген слот жок. S Pen өзүнчө сатылат. Galaxy Z Fold үчүн атайын иштелип чыккан S Pen калемин гана колдонуңуз. S Pen Fold Edition калеми Galaxy Z Fold5 жана Z Fold6 смартфону менен сыйышат. Башка S Pen же башка стилустар экранды бузушу мүмкүн. S Pen негизги экранда гана кармалат.
  7. Чат-ассистент функциясынын алкагында текст түзүү функциясы Интернет тармагына кошулууну жана Samsung Account кирүүнү талап кылат. Функция символдордун белгилүү бир санына жеткенде активдешет. Кызматтын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  8. Веб-ассистент функциясынын алкагында Жыйынтык маалымат функциясы Интернет тармагына кошулууну жана Samsung аккаунтуна кирүүнү талап кылат. Кызматтын жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн. Сервис чектелген функционалдуулукка ээ болушу же айрым акы төлөнүүчү веб-сайттарда жеткиликтүү эмес болушу мүмкүн. Символдордун саны боюнча чектөө бар. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  9. Фото-ассистент функциясынын алкагындагы Акылдуу редактор функциясы үчүн Интернет тармагына кошулуу жана Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. Акылдуу редактордун жардамы менен редакциялоонун жыйынтыгында 12 МП чейинки өлчөмдөгү фотосүрөт алынат. Сүрөттү сактоодо сүрөт AI жардамында жасалганын көрсөтүүчү суу белгиси коюлат. Түзүлгөн сүрөттүн тактыгы жана ишенимдүүлүгү кепилденбейт.
  10. Фото-ассистент функциясынын алкагында Портреттер студиясы функциясы иштеши үчүн Интернет тармагына кошулуу жана Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. Портреттер студиясы функциясынын жардамы менен редакциялоонун жыйынтыгында 9 МП чейинки өлчөмдө фотосүрөт алынат. Сүрөттү сактоодо сүрөт AI жардамында жасалганын көрсөтүүчү суу белгиси коюлат. Түзүлгөн сүрөттүн тактыгы жана ишенимдүүлүгү кепилденбейт.
  11. Фото-ассистент функциясынын алкагындагы Заматта басаңдатылган тартуу функциясы Samsung Видео жана Samsung Галерея колдонмолорунда жеткиликтүү. Видеофайлдардын айрым түрлөрү менен иштебеши мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  12. AI Сүрөт функциясы иштеши үчүн Интернет тармагына кошулуу жана Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. AI Сүрөт функциясынын жардамы менен редакциялоонун жыйынтыгында 12 МП чейинки өлчөмдө фотосүрөт алынат. Сүрөттү сактоодо сүрөт AI жардамында жасалганын көрсөтүүчү суу белгиси коюлат. Түзүлгөн сүрөттүн тактыгы жана ишенимдүүлүгү кепилденбейт.
  13. Котормочу функциясы үчүн Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. Айрым тилдер үчүн тил пакетин жүктөө талап кылынышы мүмкүн. Сервистин жеткиликтүүлүгү тилден көз каранды болушу мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт. Жеткиликтүүлүгу жана колдоого алынган функциялар өлкөгө, аймакка же байланыш операторуна жараша айырмаланышы мүмкүн. Колдоогот алынган тилдердин жеткиликтүүлүгү өзгөрүшү мүмкүн.
  14. Кош экран режими баарлашуу режиминде гана жеткиликтүү.
  15. Синхрондук котормо функциясы үчүн чакыруулар жөнүндө билдирүүнү алуу үчүң тармакка кошулуу талап кылынат. Түзүлүш чакыруулар жөнүндө билдирүүлөрдү алгандан кийин тармакка кошулуусуз которууга мүмкүн болот. Samsung аккаунтуна кирүү талап кылынат. Синхрондук котормо функциясы алдын ала орнотулган Samsung Телефон колдонмосунда жана айрым башка колдонмолордо гана жеткиликтүү. Сервистин жеткиликтүүлүгү тилден же аймактан көз каранды болушу мүмкүн. Айрым тилдер тил пакетин жүктөөнү талап кылышы мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  16. Ырааттуулуктар кыскартылган жана моделгенген. Жыйынтыктар мисал үчүн гана берилген. Сервистин жеткиликтүүлүгү өлкөдөн, тилден жана түзүлүштүн моделинен көз каранды болот. Интернетке кошулуу жана Google Account эсепке алуу жазуусуна кирүү талап кылынат. Балким колдонуучуларга Google Gemini колдонмосун жүктөп алуу же аны акыркы версияга чейин жаңыртуу талап кылынышы мүмкүн. Жооптордун тактыгын текшериңиз. Gemini — Google LLC товардык белгиси. Gemini айрым түзүлүштөрдө жана айрым өлкөлөрдө колдонууга болот — Google Assistant жардамы менен Gemini колдонууга макул болуңуз же Gemini колдонмосун жүктөп алыңыз. Өнүмдүн функционалдуулугу колдонмолоррдун жана түзүлүштүн жөндөөлөрүнөн көз каранды болот. Айрым функциялар айрым колдонмолор менен дал келбеши мүмкүн. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт. Азыркы убакта сервис Galaxy S24, Galaxy Z Flip6 жана Galaxy Z Fold6 сериясындагы түзүлүштөрдө гана жеткиликтүү.
  17. Samsung смартфондору үчүн гана.
  18. Galaxy Z Fold6 максималдуу ачыктыгы негизги жана тышкы экранда 2600 нит түзөт. Дисплей адаптивдик болуп саналат: ачыктык деңгээли курчаган чөйрөгө жараша автоматтык түрдө жөнгө салынат. 5000 люкстан жогору жарыктандырууда жогорку ачыктык режими жана Vision Booster активдешет.
  19. Galaxy Z Fold5 менен салыштырмалуу.
  20. Snapdragon бренди менен өнүмдөр Qualcomm Technologies, Inc. компаниясынын жана/же анын туунду компанияларынын буюму болуп саналат.
  21. Galaxy Z Fold5 менен салыштырмалуу процессордун мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу. Иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрү колдонуучулук чөйрөдөн, шарттардан жана алдын ала орнотулган программалык камсыздоодон жана колдонмолордон көз каранды болот.
  22. Galaxy бүктөмө смартфондору үчүн гана
  23. Аккумулятор менен иштөөнүн анык убактысы тармактык чөйрөдөн, пайдаланган функциялардан жана колдонмолордон, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн жыштыгынан, смартфондун зарядкасынын санынан жана башка факторлордон көз каранды болот. LTE жана 5G Sub6 тармактарын пайдалануу менен алдын ала белгилөө боюнча жөндөөлөрдө UX Connect Research тарабынан топтолгон жана көз карандысыз бааланган маалыматтары боюнча орточо колдонуучунун пайдалануу профили боюнча бааланат.
  24. LTE аркылуу алдын ала жөндөөлөрдө Bluetooth аркылуу кулакчындарга кошулган, бул моделдин алдын ала версиясын колдонуу менен Samsung ички лабораториялык сыноолорунун шарттарына негизделген. Аккумулятордун сыйымдуулугу жана ченелген энергияны керектүү тогунун күчү боюнча баалоо видеону ойнотуу убагында өткөрүлгөн (видеофайлдын чечими 720p, түзүлүштө сакталган) жана аудио (mp3-файл, 192 Кбит/с, LCD-дисплейди өчүрүү менен түзүлүштө сакталган). Видеону жана аудиону ойнотуунун иш жүзүндөгү убактысы тармактык кошулуудан, жөндөөлөрдөн, файлдын форматынан, экрандын ачыктыгынан, батареянын абалынан жана башка факторлордон көз каранды болот.
  25. AI Zoom санарип зумдун өлчөмдөрүнүн ортосундагы аралыкка карата колдонулат. Жыйынтыктардын тактыгы кепилденбейт.
  26. Карта Зум функциясы 20х жогору чоңойтууда активдешет.
  27. Android™ түзүлүшүнөн маалыматтарды өткөргүч менен берүү үчүн кабыл алуучу түзүлүштө Android™ 4.3 же андан кийинки, ал эми берүүчү түзүлүштө — Android 4.3™же андан кийинки версия орнотулушу талап кылынат. Маалыматтарды өткөргүчсүз туташуу аркылуу кабелсиз берүүгө болот. Өткөргүчсүз туташуу үчүн кабыл алуучу түзүлүштө Android™ 4.0 же андан кийинки версия, ал эми жөнөтүүчү түзүлүштө — Android™ 4.0 же кийинки версия орнотулушу керек. Кабыл алуучу Galaxy түзүлүшүндө «Жөндөөлөр» бөлүмүндө Smart Switch Mobile колдонмосун ачыңыз же Smart Switch Mobile колдонмосун Galaxy Store дүкөнүнөн жүктөп алыңыз. Берүү үчүн жеткиликтүү болгон маалыматтар, контент жана колдонмолор маалыматтарды берүү ыкмасынан көз каранды болушу мүмкүн.
  28. iOS менен маалыматтарды өткөргүч менен берүү үчүн кабыл алуучу түзүлүштө Android™ 4.3 же андан кийинки, ал эми берүүчү түзүлүштө — iOS 5 же андан кийинки версия орнотулушу керек. Маалыматты өткөргүчсүз туташуу же iCloud аркылуу кабелсиз берүүгө болот. Өткөргүчсүз туташуу үчүн кабыл алуучу түзүлүштө Android™ 4.0 же андан кийинки, ал эми жөнөтүүчү түзүлүштө — iOS 12 же андан кийинкиу ОС орнотулушу керек. iCloud аркылуу маалыматтарды берүү үчүн кабыл алуучу түзүлүштө Android™ 4.0 же андан кийинки, ал эми берүүчү түзүлүштө — iOS 5 же андан кийинки версия орнотулушу керек. Кабыл алуучу Galaxy түзүлүшүндө «Жөндөөлөр» бөлүмүндө Smart Switch Mobile колдонмосун ачыңыз же бул Smart Switch Mobile колдонмосун Galaxy Store дүкөнүнөн жүктөп алыңыз. Маалыматтарды өткөргүчсүз берүү үчүн iOS үчүн Smart Switch колдонмосун iPhone же iPad’га App Store дүкөнүнөн жүктөңүз. Берүү үчүн жеткиликтүү болгон маалыматтар, контент жана колдонмолор маалыматтарды берүү ыкмасына жараша айырмаланышы мүмкүн. Байланыштар, галерея, видео, календарлар жана эскертүүлөр iOS түзүлүшүнөн өткөргүчсүз туташуу боюнча берилиши мүмкүн.
  29. Бир убакта көп өлчөмдөгү маалыматтарды берүүдө өткөргүч менен туташтырууну пайдалануу сунушталат.
  30. Galaxy түзүлүштөрүнүн ортосунда алмашуу үчүн Тез жөнөтүү функциясы төмөнкү операциялык системаларда жеткиликтүү: 10.0 (Q) жана One UI 2.1 версиясындагы же кийинки версиялардагы Android OS менен, Windows 10 же кийинки версиядагы РС менен смартфондор жана планшеттер. Samsung аккаунтуна кирүү жана Wi-Fi же Bluetooth аркылуу кошулуу талап кылынат. IOS жана Android-түзүлүштөрү үчүн тез жөнөтүү функциясы шилтеме жөнөтүү аркылуу жеткиликтүү: өзүнчө берилүүү файлдар 5ГБдан чоң болбошу керек (жана күнүнө 5 ГБдан чоң эмес), ал эми шилтеме эки күндөн кийин жараксыз болот; Samsung аккаунт жана Интернетке кошулуу талап кылынат.
  31. Мурдагы моделдерге салыштырмалуу.
  32. Күчөтүлгөн алюминийден алкакка үн бийиктигин жөнгө салуу баскычтары жана каптал баскычтары, ошондой эле SIM-карта үчүн лоток кирбейт.
  33. Corning® Gorilla® Glass Victus® 2 түзүлүштүн алдында жана артында колдонулат.
  34. 1,5 м чейинки тузсуз сууга 30 мүнөткө чейин чөмүлтүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча жана 1 ммдан чоң катуу предметтерден, мисалы зымдан коргоо үчүн. Кум жээкте же бассейнде колдонуу сунушталбайт. Түзүлүштүн суу өткөрбөстүгү туруктуу эмес жана убакыттын өтүшү менен табигый эскирүүнүн натыйжасында азайышы мүмкүн. Чаңдан жана кумдан коргоону камсыз кылбайт.
  35. Samsung Care+ каптамы өлкөгө жана моделге жараша айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле франшиза каралышы мүмкүн. Жарнамалык акция шарттарында Samsung Care+ пайдалануу үчүн каттоо талап кылынышы мүмкүн. Samsung Care+ жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн караңыз https://www.samsung.com/samsung-care-plus/.
  36. Galaxy Buds3 Pro, Galaxy Watch Ultra жана Galaxy Watch7 түзүлүштөрү өзүнчө сатылат.
  37. Жашоо күчүнүн көрсөткүчү функциясы Android (Android 11 же кийинки версия) менен телефондордо жеткиликтүү жана Samsung Health (v6.27 же кийинки жаңы версия) колдонмосунун болушун талап кылат. Samsung Account аккаунтка кирүүнү талап кылат. Сервистин жеткиликтүүлүгү өлкөдөн же аймактан көз каранды болушу мүмкүн. Жашоо күчү көрсөткүчтөрүн текшерүү үчүн Samsung Galaxy Watch түзүлүшүндө көзөмөлдөнүүчү ден соолуктун абалы жөнүндө маалыматтары Samsung Health колдонмосу менен синхрондоштуруу керек. Кеминде өткөн күндөгү уйку жана активдүүлүк жөнүндө маалыматтар, ошондой эле уктаган убакта жүрөктүн согуу жыштыгы жөнүндө маалыматтар керек. Колдонмо кандайдыр бир ооруларды аныктоо, диагностикалоо, дарылоо максаттарында пайдалануу үчүн арналган эмес. Жыйынтык жеке таанышуу үчүн гана берилет. Сураныч, дарыгерден консультация алыңыз.
  38. Galaxy Z Fold6 негизги экранынын диагоналынан ченелген өлчөмү толук тик бурчтукта 7,6 дюймду жана тегеректелген бурчтарын эске алуу менен 7,6 дюймду түзөт; чыныгы көрүү чөйрөсү тегеректелген бурчтардан жана камеранын тешигинен улам азыраак.
  39. Galaxy Z Fold6 тышкы экранынын диагоналынан ченелген өлчөмү толук тик бурчтукта 6,3 дюймду жана тегеректелген бурчтарын эске алуу менен 6,2 дюймду түзөт. Чыныгы көрүү чөйрөсү тегеректелген бурчтардан жана камеранын тешигинен улам азыраак.
  40. Air Command функциясынын жеткиликтүүлүгү моделге же колдонмого жараша өзгөрүшү мүмкүн.
  41. Типтүү маани башка лабораторияда тестирлөөнүн жыйынтыгында алынган. Типтүү маани – бул IEC 61960 стандарты боюнча батареялардын үлгүлөрүнүн арасында батареянын сыйымдуулугунун четтөөсүн эске алуу менен эсептик орточо маани. Номиналдуу сыйымдуулугу Galaxy Z Flip6 үчүн 3887 мАч түзөт. Аккумулятордун иш жүзүндөгү иштөө убактысы тармактын чөйрөсүнө, колдонуу режимине жана башка факторлорго жараша өзгөрүшү мүмкүн.
  42. Expert RAW пайдалануудан мурда өзүнчө Galaxy Store платформасынан жүктөп алуу керек (акысыз). S24, S23 сериясындагы түзүлүштөр, S22, S21 Ultra, S20 Ultra, Note20 Ultra, Z Fold6, Z Flip6, Z Fold5, Z Fold4, Z Fold3 жана Z Fold2 сериясындагы түзүлүштөр колдоого алынат..