Galaxy Z Fold5
Өз дүйнөңдү ач
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
*Galaxy Z Fold5 үчүн S Pen Fold Edition электрондук калеми өзүнчө сатылып алынат. Galaxy Z Fold үчүн атайын иштелип чыккан S Pen гана колдонуңуз. Бардык башка S Pen же башка стилустар экранды бузушу мүмкүн. Galaxy Z Fold5 түзүлүшүндө S Pen үчүн киргизилген слот жок. S Pen негизги экранда гана кармалат.
Кинотеатр сенин чөнтөгүңдө
Бир убакта үч колдонмодо иштөө³
Жогорку деңгээлдеги гейминг
ПК кубаттулугу сиздин чөнтөгүңуздө
Бул смартфон - чөнтөгүңүздөгү чыныгы кинотеатр.
Ошондой эле күчтүү оюн консолу жана мульдитапшырмалуулук үчүн сонун курал.
Ошондой эле кесипкөй деңээлдеги камера менен толукталган. Баары сиздин колуңузда.
Galaxy Z Fold5 | Fold дүйнөңүздү ачыңыз
Өзүңүздү көрсөтүү үчүн жакшы көргөн түстү тандаңыз.
Жаратылыштын сулуулугуна шыктанган түстөр.5
Иммерсивдик экран
Чөмүлүү эффекти менен оюндан, видео көрүүдөн укмуштуудай таасир алуу үчүн жана ПК деңгээлинин максималдуу өндүрүмдүүлүгү үчүн жаңыртылган эң мыкты иммерсивдик экранды ачыңыз – мунун баары планшет өлчөмүндөгү түзүлүштө.18,19
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
Көрүүдөн ырахат алуу мезгили
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
1750 нит жогорку дааналыгы менен экрандын аркасында сизге даана картинка кепилденет. Түз тийген күн нурунун алдында дагы даана көрсөтөт.
Күн жарыгы негизги 7.6" экранда тасманы көрүүгө тоскоол болбойт.18 1750 нитке чейинки дааналыгы менен Galaxy Z Fold5 экрандын аркасында жакшы көргөн сериалдын борборунда болосуз.20
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
*Flex режими 75тен 115 градуска чейинки диапазондо кармалат. Айрым колдонмолор Flex режимин кармабайт.
Көп терезелүү режим.
Сиздин көп тапшырмалуулук сырыңыз
Samsung Galaxy смартфондорунун арасындагы Көп тапшырмалуулуктун эң жогорку деңгээли — бир убактка үч колдонмодо иштөө менен, сиз баарлашып, соода кылып жана ойной аласыз.21
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
Fold үчүн S Pen портативдүү электрондук калем
Идеяларыңызды S Pen жардамы менен жазыңыз жана ар бир кыймылдын жогорку тактыгынан ырахат алыңыз.23 Samsung Notes колдонмосу каалаган убакта каалаган жерде сиздин эскертүүлөрүңүзгө кирүүгө мүмкүндүк берип, сиздин түзүлүштөрүңүз менен оңой синхрондошот.
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
Жаңы деңгээлдеги гейминг
Galaxy Z Fold линейкасындагы эң тез процессор
Galaxy үчүн Snapdragon® 8 Gen 2 процессорунун өркүндөтүлгөн аппараттык жана программалык камсыздоосунун аркасында оюндарда өз мүмкүнчүлүгүңүздү арттырыңыз.25 Жогорку өндүрүмдүү процессор чемпиондук деңгээлдеги оюнду кепилдейт.
- GPU 32 %↑
- NPU 25 %↑
- CPU 18 %↑
*HoYoverse — COGNOSPHERE PTE. LTD товардык белгиси жана (же) катталган товардык белгиси.
*Genshin Impact эми Galaxy Store платформасында жүктөп алууга болот.
*Genshin Impact графикасы автордук укук менен корголгон, эксклюзивдүү укуктар Cognosphere PTE. LTD компаниясына таандык.
*Сүрөт иллюстрация максатында моделденген. Реалдуу интерфейс айырмаланышы мүмкүн.
Мурдагы муундагы чипсет менен салыштырмалуу процессордун мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу. Иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрү колдонуучулук чөйрөдөн, шарттардан жана алдын ала орнотулган программалык камсыздоодон жана колдонмолордон көз каранды болот.
Игровой процесс в Genshin Impact. Плавные движения и четкая графика.
Ишенимдүүлүк жана коргоо
Galaxy экосистемасы
Galaxy сериясындагы түзүлүштөр бир бири менен идеалдуу өз ара аракеттенет.
Смартфонду, планшетти, Galaxy Watch жана кулакчынды бирдиктүү экосистемага бириктирет.
Samsung компаниясынын Кыргызстандагы расмий өнөктөштөрү.
Кыргызстанда Samsung продукциясын расмий өнөктөштөрдөн сатып алыңыз
1. Flex режими 75тен 115 градуска чейинки диапазондо кармалат. Айрым колдонмолор Flex режимин кармабайт.
2,17. Galaxy Z Flip5 IPX8 стандарты боюнча суудан коргоого ээ. 15, метрге чейинки тузсуз сууга 30 мүнөт убакытка чөмүлтүү сыноо шарттарынын негизинде. Кум жээкте же бассейнде колдонуу сунушталбайт. Түзүлүштүн суу өткөрбөстүгү туруктуу эмес жана убакыттын өтүшү менен табигый эскирүүнүн натыйжасында азайышы мүмкүн. Чаңдан корголгон эмес.
3,21. Айрым колдонмолор Multi Active экранды же “Жуп колдонмолор” функциясын кармабашы мүмкүн.
4,27. 15, метрге чейинки тузсуз сууга 30 мүнөт убакытка чөмүлтүү сыноо шарттарынын негизинде. Кум жээкте же бассейнде колдонуу сунушталбайт. Түзүлүштүн суу өткөрбөстүгү туруктуу эмес жана убакыттын өтүшү менен табигый эскирүүнүн натыйжасында азайышы мүмкүн. Чаңдан корголгон эмес. 5. Жеткиликтүү түстөрдүн болушу өлкөгө, аймакка жана байланыш операторуна жараша өзгөрүшү мүмкүн.
6. Galaxy Z Flip5 экранынын диагоналынан өлчөмү толук тик бурчтукта 3,4 дюймду түзөт. Иш жүзүндөгү көрүү чөйрөсү тегеректелген бурчтардан жана төмөнкү кесиктен улам болжол менен 95%ды түзөт.
7. Айрым колдонмолор Flex Экран виджеттерин кармабашы мүмкүн.
8. Galaxy Z Flip5 капкагынын экраны – HBM бар жана колдогон датчиги менен Galaxy Z Flip линейкасындагы биринчи экран. Galaxy Z Flip5 капкагынын HBM экраны 1600 нит жогорку ачыктыкка ээ — эң ачык жана даана дисплей.
9. Функциялардын жеткиликтүүлүгү өлкөдөн жана аймактан көз каранды болот.
10. Түзүлүш магнитти камтыйт. Аны кредиттик карталардан, имплантталган медициналык буюмдардан жана ишине магниттер таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка түзүлүштөрдөн алыс кармаңыз. Медициналык багыттагы буюмдар учурунда аларга түзүлүштү 15 смдан жакын алып келбеңиз. Эгерде сиздин медициналык багыттагы буюмуңуз менен интеференциянын болушуна шектенсеңиз, түзүлүштү колдонууну токтотуңуз жана дарыгерген же медициналык багыттагы буюмду өндүрүүчүдөн консультация алыңыз.
11. Flex режими 75тен 115 градуска чейинки диапазондо кармалат. Айрым колдонмолор Flex режимин кармабайт.
12. Камераны тескөө функциясы Galaxy Watch4 түзүлүшүндө жана Galaxy S9 же кийинки сериялар менен туташтырууда Galaxy Watch кийинки моделдеринде кармалат. Камераны тескөө функциясынын алкагындагы Зум функциясы Samsung Galaxy Watch4 жана Камераны тескөө функциясын колдогон One UI 5.1 же кийинки версиядагы кабыгы менен Galaxy S, Galaxy Note жана Galaxy Z смартфондору менен туташтырылган Galaxy Watch кийинки моделдеринде жеткиликтүү.
13. Мурдагы моделдерге салыштырмалуу.
14. VIULL (Video Ultra Low Light) технологиясы начар жарыкта ачык видеону тартууга мүмкүндүк берет.
15. Galaxy Z Flip5 4K форматында видео жаздырууну колдойт. 4K форматында видеону ойнотуу колдоого алынбайт.
16. Алкак үн бийиктигинин клавишасын жана каптал клавишаларын, ошондой эле SIM-карта үчүн лотокту камтыбайт.
18. Galaxy Z Fold5 башкы экранынын диагоналынан өлчөмү толук тик бурчтукта 7,6 дюймду жана тегеректелген бурчтарын эске алуу менен 7,4 дюймду түзөт. Чыныгы көрүү чөйрөсү тегеректелген бурчтардан жана камеранын тешигинен улам азыраак.
19. Galaxy Z Fold5 тышкы экранынын диагоналынан ченелген өлчөмү толук тик бурчтукта 6,2 дюймду жана тегеректелген бурчтарын эске алуу менен 6,1 дюймду түзөт. Чыныгы көрүү чөйрөсү тегеректелген бурчтардан жана камеранын тешигинен улам азыраак.
20. Galaxy Z Fold5 смартфонунун Dynamic AMOLED 2X экраны DCI-P3 түс палитрасында мобилдик түзүлүштөр үчүн 100% түс көлөмүнө карата VDE (Немец электр, электрондук жана маалыматтык технологиялар ассоциациясы) сертификатын алган. Ал эми бул жапыктын деңгээлинен көз карандысыз даана фотосүрөттөрдүн жана укмуштуудай каныккан түстөрдүн кепилдиги. Экран 1750 нитке чейинки жогорку ачыктыкка жетет, 3 000 000: 1 контрасттуулук коэффициенти менен сүрөттүн ачык сапаты үчүн санарип контенттин күңүрт жана жарык аспекттеринин ортосунда контрастты жакшыртат – контентти смартфондо көрүүдө укмуштуудай таасир калтыруунун кепилдиги.
22. Тапшырмалар панели функциясы негизги экранда гана колдоого алынат.
23. Galaxy Z Fold5 үчүн S Pen Fold Edition өзүнчө сатылып алынат. Galaxy Z Fold үчүн атайын иштелип чыккан S Pen электрондук калемин гана колдонуңуз. Башка S Pen же башка стилустар экранды бузушу мүмкүн. Galaxy Z Fold5 смартфонунда S Pen үчүн киргизилген слот жок. S Pen негизги экранда гана кармалат.
24. S Pen Fold Edition жана Slim S Pen Case каптамасы (S Pen Fold Edition комплектте) өзүнчө сатылып алынат. Моделдердин жана түстөрдүн болушу өлкөгө жараша айырмаланышы мүмкүн. S Pen Fold Edition калеми Galaxy Z менен гана сыйышат.
25. Snapdragon Qualcomm Technologies, Inc. компаниясынын жана/же анын туунду компанияларынын өнүмү болуп саналат. Snapdragon Qualcomm Technologies компаниясынын соода маркасы же катталган соода маркасы болуп саналат.
26. Мурдагы моделдерге салыштырмалуу Galaxy Z Fold.